Турат Акимов: Баткендеги көйгөйгө башынан эле Акаев күнөөлүү
RU

Турат Акимов: Баткендеги көйгөйгө башынан эле Акаев күнөөлүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясий серепчи Турат Акимовдун пикири боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдө КРдин биринчи президенти Аскар Акаевдин да күнөөсү бар. Бул тууралу ал Eldik.Media басылмасына билдирди.

Анын айтымында, Акаев бийликте турган кезде кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү чечип алгандын ордуна, тажиктердин ортосунда арачы болуп жүрдү.

"Баткен окуяларына биринчи себепкер - Аскар Акаев. Ооба, жакында эле Садыр Жапаров Акаев өзүн кыргыз элинин алдында толугу менен актады деп айтты, бирок мен бир маселе боюнче пикиримди айтып коюшум керек. Аксы, Үзөңгү-Кууш, Хан-Теңири жана Каркырадан сырткары Акаев Баткен окуяларына да айыптуу. Эми бардыгын ирээти менен айтып берейин:

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн жаңыдан алганда, Аскар Акаев мындан ары КР нейтралдуу өлкө болот, деп жар салды. Ошонусу менен аскерди бир топ алсыратты. Куралдуу күчтөрдү кыскартып, кыргыз армиясынын, мындайча айтканда, доктринасын талкалады.

Ошол учурда Тажикстанда (1992-1997-жылдары) жарандык согуш жүрүп жаткан. Анын натыйжасында 150 миңге чукул адам каза болду. 60 000 жаран Афганистанга качты. Коңшу өлкөдө жарандык согуш болуп жаткан учурда нейтралитет жөнүндө да ойлонобу?

Рахмон мамлекетти араң башкарып, Россиянын "мотострелковая девизия 201" (35 миң солдаттар жана офицерлер) дегендин күчү менен гана бийлигин сактап калды. Так ошолор тажик-афган чек арасын тосуп, тажиктердин ички согушун узакка создуктурбай токтотушту. Андан тышкары, Рахмондун бардык атаандштарын жок кылышты (Баса, тажик-афган чек арасындагы тынчтык үчүн Ишкашимге кыргыз батальону да жайгаштырылган).

Ошол эле учурда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов тетири кадамдарды кабыл алды. Ал Тажикстан менен чектешкен жерлерди толугу менен жаап, бардык талаш аймактарга мина орноткон. Өзбекстан аркылуу "Москва-Душанбе" поездине гана жүрүүгө уруксат берди. Анысы да токтоосуз жүрүүгө тийиш болчу. Алысты көрүп жүргүзүлгөн саясат, деп ушуну айтат.

Тажикстан алсызданып, ачкачылык башталды. Тышкы дүйнө менен Кыргызстан аркылуу гана байланыша алчу. Тажиктер Акаевден чек араны жаппаңыз деп чөгөлөп суранышкан. Анткени ошол чек арадан алардын өмүрү көз каранды болчу.

Так ошол учурдан пайдаланып, Акаев алысты көрө билген саясатчы катары Душанбе менен талашка түшкөн аймактардын бардыгын чечип алышы керек эле. Бирок Ворух, Чорку, Сурх жана Мачаи боюнча чек ара көйгөйлөрүн чечип алгандын ордуна өзүн супердемократ элестетип, согушуп жаткан тажиктерди элдештирмек болуп ортого кирип алды.

1999-2000 жылдары да ИДУнун моджахеддери эки жыл катары менен Кыргызстанга каршы иш аркеттерди жасап, Рахмон көзөмөлдөй албаган Каратегин жана Жергетал аркылуу кол салышты. Анда бир топ жөнөкөй жарандар жана кыргыз жоокерлдери каза болду. Акаев Баткен облусун түзүп, көргөн чаралары ошону менен чектелди.

Ошондуктан, мен үчүн Акаев акыл калчаган акылман эмес, улуу мамлекеттик ишмер дагы эмес, ал жөн гана кокустан бийликке келип калган адам, алысты көрө билбеген саясатчы. Лидер катары артка чегинген адам катары эле өзүн көрсөтө алды. Ошондуктан Садыр Жапаровго Акаев жөнүндө элге калп айтпай эле коюңуз дегим келет", - деп Турат Акимов сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5432