Соцфонд 15 миңден таратат деген маалымат жалган
RU

Соцфонд 15 миңден таратат деген маалымат жалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго окурман жөнөткөн.

"Кечээ WhatsApp аркылуу мага билдирүү келиптир, Кыргызстандын соцфонду бардык жарандарга 15 миң сомдон берип жатат, деген. Бул алдамчылар окшойт", - деп окурман жазган.

WhatsApp аркылуу таратылган текст төмөнкүдөй мазмунда:

"Саламатсызбы, мен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери болом, атым Нуржигит. Сиз менен телефон аркылуу байланыша алган жокпуз. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргызстандын жарандарына төлөм берет. Аны алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы жана каалаган банктын картасы болууга тийиш. Бериле турган төлөмдүн суммасы 15 000 сом. Акчалай каражаттын берүүнүн демилгечиси Россия Федерациясы. Акча таратуу биздин өлкөдөгү кризистик абалга байланыштуу. Төлөмдөрдүн саны чектелүү", - деп билдирүүдо жазылган.

Kaktus.kg ведомствого кайрылганда Соцфонддун басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты. "Бул фейк маалымат. Жарандар банк карталар тууралуу эч кандай маалыматты бербегиле. Андан тышкары милицияга кайрылуу керек. Соцфонд эч кандай төлөмдөрдү бербейт", - деп мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5591