"Текстиль Транс" ЖЧКсы облигация чыгара турганын жарыялады
RU

"Текстиль Транс" ЖЧКсы облигация чыгара турганын жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы эң ири жана жападан жалгыз текстиль продукциясын өндүргөн "Текстиль Транс" ЖЧКсы 100 миң облигация чыгарды.

"Текстиль Транс" ЖЧКсы 2008-жылы текстиль кластерин ишке ашыра баштаган.

Компаниянын тарыхы байпак жана балдар колготкисин өндүрүүдөн башталган. 2014-жылы СЭЗ "Бишкекте" тигүүчү цех, 2017-жылы Токмок шаарында трикотаж кезхдемесин өндүрүүчү фабрика ишке кирген. Ал эми 2020-жылы жип өндүрүүчү фабрика ачылган. 2021-жылы, тарыхта биринчи жолу, компания Чүй облусунда, 300 гектар жерге пахта өстүргөн.

Кыргызстандын элин сапаттуу пахта продукциясы менен камсыздоо максатында "Текстиль Транс" өндүрүш менен катар Salkyn брендин ишке киргизип, MENIKI деп аталган алгачкы ата-мекендик масс-маркетти негиздеген. Анда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү Кыргызстанда өстүрүлүп, кайра иштетилип, өндүрүлгөн продукциядан тигилген кийимдерди таба алат.

Алгачкы облигацияларын чыгаруу үчүн компания бардык этаптардан өткөн: Мамлекеттик финкөзөмөлдөн тартып Кыргыз фонд биржасынын эң жогорку В категориясындагы листингге киргизүүгө чейин.

Чыгарылыштын параметрлери:

  • Облигациянын минималдуу наркы - 1000 сом.
  • Кирешелүүлүгү - 16% жылына.
  • Пайдалануу мөөнөтү 3 жыл
  • Облигациялардын саны – 100 000 даана
  • Эмиссиянын көлөмү – 100 000 000

Ошону менен 1000 сомго минималдуу баа менен бир эле облигация сатып алып кирешеңизди жогорулаткандан тышкары Кыргызстандын текстиль өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө салымыңызды кошуп, "Текстиль Транска" дүйнөлүк масштабдагы жаңы бийиктикке чыгуусуна көмөктөшөсүз.

Облигацияларды кайдан жана кантип сатып алса болот?

Облигацияларды биржага жайгаштыруу иштери менен "Сенти" финансылык компаниясы алектенет, ал эми облигацияларды сатуу-сатып алуу боюнча келишимдердин бардыгы өлкөнүн мыйзам чегинде Кыргыз фонд биржасы тарабынан көзөмөлдөнөт.

"Текстиль Транс" ЖЧКсынын инвестору болуу үчүн үч жөнөкөй кадам керек:

1) Брокердин консультациясын алуу.

Сиз төмөнкү номерлерге байланышып, ( +996 312 61 45 89, +996 312 61 46 47, +996 559 61 00 25) же (+996 559 61 00 25) ватсап номерине жазсаңыз болот. "Сенти" компаниясынын адситери облигациялар тууралуу бардык маалыматты онлайн жана компаниянын кеңсесинде оффлайн айтып беришет.

2) Келишим түзүү.

Облигацияларды сатып алуу чечимин кабыл алгандан кийин сизге келишим түзүү сунушталат. Келишимди Кыргызстандан жана дүйнөнүн каалаган бурчунан туруп деле түзө аласыз. КРдин резиденти болосузбу же жокпу айырмасы жок.

3) Облигацияларды сатып алуу.

Баалуу кагаздарды сатып алууда "Сенти" компаниянын кеңсесинде касса аркылуу же акча каражатын электрондук которуу аркылуу сатып алсаңыз болот.

Мынакей, инвестор болуп калдыңыз!

Мындан ары облигациялар боюнча пайыздарыңызды квартал сайын (үч айда бир) алып турасыз. "Сенти" компаниясынын кассасынан накталай аласыз, же үч жыл бою картаңызга которулат.

Андан тышкары, негизги суммага кошумча облигацияларды сатып алып, баалуу кагаздарды кайра сатыкка кое бересиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5633