Үч аял Мариповго каршы митингге чыгышты. Анткени аларга Новиков жагат (видео)
RU

Үч аял Мариповго каршы митингге чыгышты. Анткени аларга Новиков жагат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-февралда, өздөрүн "Мекенчил" партиясынын мүчөлөрү деп тааныштырган үч аял "Ак үйдүн" жанына митингге чыгышкан. Алардын айтымында, алар Улукбек Мариповдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы.

Бирөөсүнүн айтымында, Марипов премьер-министр болууга татыктуу эмес, алар бийликке ага окшогондор келиш үчүн Садыр Жапаровду колдошкон эмес, деп айтышты. "Анын репутациясы таза эмес, биз анын өкмөттө 20 жыл иштеп эч нерсе жасабаганына күбө болдук. Анын иштегени бизге жакпайт", - деди ал.

Митингге чыккан аялдарга Новиков өзу келди (ал Жогорку Кеңештин комитетинин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук суроолор боюнча жыйынга жөнөп бараткан). Алар Новиковду эле өкмөт башчысы катары көргүсү келе турганын билдиришти. Артем Новиков буга: Мариповго да шанс берүү керек, деп жооп берди.

Андан кийин ал Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына кирип кетти. Анда Марипов жетектей турган өкмөттүн жаңы структурасы талкууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/563