"Ким биз менен чогуу күрөшүүгө даяр?" Зеленскийдин жаңы кайрылуусу (видео)
RU

"Ким биз менен чогуу күрөшүүгө даяр?" Зеленскийдин жаңы кайрылуусу (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-февралда Киев убактысы боюнча таңкы саат 7де (Бишкек убактысы боюнча 11) Украинанын президенти Владимир Зеленский жарандарга жаңы кайрылуу жасады.

Ал украиналыктарды коргонууну уланткыла деген чакырыгын айтты.

"Украиналыктардын тилектештиги жана чечкиндүүлүгү гана биздин эркиндигибизди сактап, мамлекетти коргой алат. Армия, чек арачылар, Улуттук гвардия, полиция, чалгындоо кызматтары, аймактык коргонуу күчтөрү - бардыгы өз милдеттерин максималдуу түрдө аткарып жатышат", - деди Зеленский.

Зеленский Украинага өнөктөш өлкөлөргө жана дүйнө лидерлерине кайрылуу жасады. "Биз мамлекетибизди коргоодо жалгыз болуп жатабыз. Биз менен бирге согушууга ким даяр? Чынын айтсам аларды көрө элекмин. Бардык өнөктөштөргө кайрылат элем: азыр маанилүү учур, өлкөбүздүн тагдыры чечилип жатат. Мен алардан "Биз мененсиңерби?" деп суроо узатсам алар силер мененбиз деп жооп беришет. Бирок, алар бизди кабыл алууга даяр эмес. Бүгүн 27 европалык лидерден Украина НАТОго кошулабы деп түз эле сурадым. Баары коркуп, жооп бере алышкан жок... Алар биз менен экенин айтып жатканы менен бизди альянска киргизүүгө даяр эмес", - деди президент.

Ал кошумчалагандай, эртеби-кечпи Россия менен Украинанын ортосунда согуштук аракеттерди токтотуу боюнча диалог башталат.

"Согуштук аракеттерди жана бул баскынчылыкты токтотуу жөнүндө сүйлөшүү керек. Бул сүйлөшүү канчалык эрте башталса, Россиянын өзүнүн жоготуулары да ошончолук аз болот", - деди ал.

Сөзүнүн аягында (3:30да) Зеленский Россиянын жарандарына орус тилинде кайрылды.

Урматтуу Россия Федерациясынын жарандары! Бүгүн кечинде Киевдин турак-жай райондорун бомбалай башташты. Мунун баары 1941-жылды эске салат. Митингге чыккан Россия Федерациясынын бардык жарандарына айткым келет: биз силерди көрүп жатабыз. Бул силер бизди угуп жатканыңыздарды билдирет, бул бизге ишене баштаганыңыздарды билдирет. Биз үчүн күрөш, согушка каршы гана күрөш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5710