Садыр Жапаров: Депутаттар мени үч жолу колдошту. Ыраазычылык билдирем
RU

Садыр Жапаров: Депутаттар мени үч жолу колдошту. Ыраазычылык билдирем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 3-февралда Садыр Жапаров Улукбек Мариповдун өкмөт мүчөлөрү ант беришкенден кийин сөз сүйлөдү.

Ал өзүнүн кайрылуусунда Жогорку Кеңеш октябрь окуяларынан кийинки кризистен чыгууда негизги роль ойногонун белгиледи.

"Өткөн жыл татаал жылдардан болду. Мындай шартта Жогорку Кеңеш кырдаалдын турукташуусунда жана өлкөнүн мыйзам жолуна кайтып келишинде позитивдүү роль ойноду", - деди ал.

Силер мени бир жолу эмес, үч жолу колдодуңар. Ошол үчүн силерге чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Жаңы өкмөт кризис учурунда келип жатат жана кыска мөөнөттө натыйжа көрсөтүшү керектигин Жапаров баса белгиледи.

Жаңы өкмөттүн бекитилиши өлкө оор күндөрду баштан кечирип жаткан учурга туш келди. Бизди оор сыноолор күтүп турганын моюнга алышыбыз керек.

"Жогоруда кайталагандай, биз кыска мөөнөттө антикризистик чараларды көрүп, ошол эле учурда тез арада экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздай турган программаны иштеп чыгышыбыз керек", - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ Улукбек Мариповдун өкмөтүн бекитти. Анын структурасы жана курамы кескин өзгөртүлдү. Жаңы командага Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев жана Сыймык Жапыкеев кирбей калды. Алар октябрь окуяларында орчундуу роль ойношкон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/579