Жапаров Улукбек Мариповдун акимчилик кызматтан инисин бошотуу чечимине комментарий берди
RU

Жапаров Улукбек Мариповдун акимчилик кызматтан инисин бошотуу чечимине комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Мариповдун бир тууган иниси Бакытбек Мариповду Ош облусунун Ноокат районунун акимчилик кызматтан бошотуу чечимин колдоду. Президент бул туурасында өзүнүн пикирин Telegram-каналына жана соцтармактарга жарыялаган.

"Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок"-деп айтылат, кыргызда. Туура кадам жасады, премьер-министр", - деп Садыр Жапаров жазды.

Өкмөт тараткан прес-релизде "Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды, себеби Бакытбек Марипов учурдагы Өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз Премьер-министрге баш ийет", - деп жазылган.

Эске салсак, кечээ, 4-февралда, премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат районунун акими Бакытбек Мариповду кызматынан бошотуу тууралуу чечимине кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/589