Муртазалиев БШКнын чечими менен макул эместигин билдирди (видео)
RU

Муртазалиев БШКнын чечими менен макул эместигин билдирди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзүнүн округу боюнча лидер болуп чыккан депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эместигин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына жазган.

Эске салсак, 27-февралда өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев шайлоочулар берген добуштун 19,52%ын чогултуп, алдыга оозуп чыккан.

Кечээ, 9-мартта, БШК анын кандидатурасын чечкен. ИИМдин өкүлдөрү берген маалымата ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

Талапкер БШКнын чечимине макул эмес деген арыз менен сотко кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5903