Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу президентик шайлоодон утту
2951
Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар 72,97% алып президенттик шайлоодон утту, деп РИА новости республиканын БШКсына шилтеме берип жазды.
"Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедов - 72,97%", - деп республкаык БШК билдирген.
Шайлоо 12-мартта өткөн. Ага 9 жаран талапкерлигин койгон.
Жаңы президенттин инаугурациясы 19-мартта өтөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/5986