Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду
RU

Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул мыйзам мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууга тиешелүү.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-мартта кабыл алган.

"Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат. Ага ылайык жарандардын жер мунапыс объектилерине карата мүлктүк укуктарын камсыз кылуу максатында мамлекет тарабынан жерге мунапысты ишке ашырууну жөнгө салат", - деп билдирди президенттик аппараттын басма сөз кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/6280