Мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлдү. Бирок башкача эсептелет
RU

Мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлдү. Бирок башкача эсептелет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Апрель айында мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлүп, аны эсептөө принципи да өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн өткөн брифинг учурунда Билим берүү министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлнар Тохтакунова билдирди.

Анын айтымында, апрель айынан тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин айлыктары төмөнкүчө жогорулады:

  • педагогикалык персоналдын айлыгы - 80%га;
  • кичүү жана техникалык персоналдын айлыгы - 80%га;
  • административдик персоналдын айлыгы - 80%га.

"Мугалимдер жана билим берүүдө эмгектенген контингенттин бардыгы жогорулатылган айлык алышат. Учурда бухгалтерлер эсептөөлөрдү жүргүзүп, кызматкерлердин карточкасына жөнөтүүгө даярданып жатышат", - деди ал.

Тохтакунованын айтымында, аны менен катар маянаны эсептөө принциби да өзгөрдү.

"Азыр бизде айлыкты эсептөөнүн жаңы принциби иштей баштады. Буга чейин мугалимдерге саатына төлөп берчүбүз. Магистр даражасы бар мугалимдин бир сааты 97 сом турат. Азыр аларды ставка системасына котордук. Мугалимдин бир ставкасы... Минималдуу жашоо минимуму эске алынат. Бүгүнкү күндө ал 7000 сом. Ар бир мугалимдин эселенген коэфициенти бар. Ошол сумманы коэфициентке көбөйтүп айлыгын аныктайбыз", - деп түшүндүрдү.

Аны менен катар дагы бир өзгөртүү киргизилди. Эки классты алып барган мугалимдер бир класс үчүн эле айлык алышат.

"Эки классты алып баруу туура эмес чечим болчу, анткени мугалим бир класс үчүн эле жооптуу болуш керек. Айлык кичинекей болчу. Класс жетекчи болгону үчүн кичине болсо да кошумча айлык алышчу. Эми класс жетекчилерге 1 400 сом гана төлөнөт", - дейт чиновник айым.

Журналисттер мындай чаралар мугалимдердин айлыгынын азайышына алып келип, алар менчик мектептерге кетип калышпайбы, деп сурашты.

"Бул тема актуалдуулугун жоготкон. Айлыкты аябай жакшы көтөрүштү, менимче, тескерисинче менчик мектептен мамлекеттик мектептерге келе башташат. Анткени айлыктар бирдей эле болуп калды. ЖОЖду бүтүрүп келген мугалим 20 миң айлык алат. Жеке менчик мектептер мынча төлөп берээрине көзүм жетпейт", - дейт Тохтакунова.

2000-жылдардан бери алгачкы жолу мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлүп жатат, буга чейин 30%га чейин гана көтөрүлгөн, деп Гүлнар Тохтакунова сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/6452