Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытов дүйнө салды
RU

Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытов дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытов 72 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптештери тарабынан белгилүү болду.

Кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу болуп, чоң энесинин колунда чоңойгон. Алгач ата-энесинин кеңеши менен айыл чарба институтуна тапшырган. Бирок сынактан кулап калып, кийинки жылы өзү каалаган Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине окуу үчүн барып өтпөй калган. Ошентип өжөрлүк менен окууга тапшыруу үчүн төрт жыл тынымсыз аракет кылып жүрүп, өзү каалаган окуусуна өткөн. Өмүрлүк жарын дал ошол жерден таап, баш кошкон.

Өмүр бою КТРКда эмгектенип келе жаткан Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган.

Булак: SUPER.KG

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/6767