Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери $1,5 миллионго келишим түзүштү
RU

Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери $1,5 миллионго келишим түзүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээки Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында $1,5 миллионго келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу Соода-өндүрүш палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга ири компаниялардын өкүлдөрү андан тышкары кыргыз тараптан Ишкер кеңешинин төрагасы, Соода-өндүрүш палатасынын президенти Марат Шаршекеев менен казак тараптан теңтөрага Тышкы соода палатасынын төрагасы Аян Еренов катышты.

Иш чара учурунда туризм жана жеңил өндүрүш тармагындагы инвестициялык долбоорлор, кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплекстин курулушу, алгачкы СЭСти круу жана эксплуатацияга киргизүү долбоорлору жана бизнес жүргүзүүнүн жаңы форматтары талкууланды.

Катышуучулар белгилегендей, учурдагы эки өлкөнүн ортосундагы $1 млрддык товар айландырууну эки эсеге көбөйтүу зарыл. Жеңил өндүрүш жана туризм тармагы приоритеттүү деп табылды.

Жыйындын соңунда төмөнкү келишимдерге кол коюлду:

  • Kelum-KazPharm Жоопкерчилиги чектелген өнөктөштүк ЖЧӨ (РК) жана BMG Pharm ЖЧК ( $350 миңге медицина продукциясы менен камсыздоо);
  • "Салем Кус" (РК) ЖЧӨ жана "Кыргызский соколиный центр Мураз" ЖЧК ($460 миңге куштар менен камсыздоо);
  • "Элтекс Алатау" ЖЧӨ (РК) жана "ЛОКТЕХНО" ЖЧК системалык кызматташуу боюнча меморандум ($300 миңге жабыдктарды камсыздоо);
  • Free Mark ЖЧӨ (РК) жана "АгроЛогистикГрупп" ЖЧК (жумуртка кесме өндүрүшү - $400 миңге макарон азыктары);
  • Alpine Club ЖЧӨ (РК) жана Кыргыз туроператорлор асоциациясы (туризм тармагындагы ич ара түшүнүшүү меморандуму).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/6857