Оптимизация? Кыргызстанда 6 миң чиновник иштей турган министрлик пайда болду
RU

Оптимизация? Кыргызстанда 6 миң чиновник иштей турган министрлик пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Февралдын башында парламент Улукбек Мариповдун кандидатурасын премьер-министрлик кызматына, андан тышкары жаңы жетекчи сунуштаган өкмөттүн жаңы структурасын жана курамын бекитти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзгөрүүлөрдү мындай деп түшүндүрдү: өлкөдө министрликтер өтө көп. Алар канчалык аз болсо, аларды камсыздоо үчүн ошончолук аз каражат сарпталат. Кийинчерээк, ведомстволордун кошулуусунан мамлекеттик чиновниктердин штаты кыскарбай турганы белгилүү болду.

Эгер "чиновниктердин санын кыскартуу" баштапкы идея ишке ашпай турган болсо, өкмөттү реструктуризациялоонун кандай зарылчылыгы бар? Kaktus.media бул суроого жооп тапканга аракет кылды.

Башкысы сапат же сан?

Улукбек Марипов премьер-министр болгонго чейин Кыргызстандын өкмөтүндө 22 министрлик жана ведомстволор бар болчу. Марипов алардын санын 16га чейин кыскартууну чечкен.

Өзгөрүүсүз: Тышкы иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети калды.

Бириктирилген министрликтер: Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтери, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрликтери, Айыл чарба, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрликтери, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтери.

Өзгөчө учур

Өзгөчө катаал реструктуризацияга Улукбек Кармышаков жетектей турган жаңы Экономика министрлиги туш болду. Анын карамагына эки министрлик жана 12 ведомство өттү.

Кармышаков эми жалаң эле экономика жана финансы үчүн эле эмес, салык, бажы кызматы, антимонополдук көзөмөлдөө, финансы рыногу, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, стандартташтыруу, фининасылык чалгындоо, экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү, күйүүчү май жана энергетикалык комплексти жетектөө, мамлекеттик мүлк, инвестициларды илгерилетүу жана коргоо үчүн жооптуу. Андан тышкары туризмди да өнүктүрүү маселелери менен алектенүүгө тийиш.

Ошонддой эле, Улукбек Кармышаков өлкөдөгү жападан жалгыз вице-премьер (эске салсак, Артем Новиков биринчи вице-премьер).

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт

Жогорку кеңештин жыйынында, өкмөттүн жаңы структурасы талкууланып жатканда, Улукбек Кармышаков 17 статс-катчыны кыскартуу пландалып жатканын билдирген. "Эмгек акыны төлөө фонудунун эсебинен 74 млн сомдун сарпталышын кыскартууну ойлоп жатабыз", - деп айткан.

Бирок, азыркы учурда министрликтер өкмөттү реформалагандан кийин штатта канча жумушчу кала турганын билишпейт. Ведомстволордун редакцияга берген маалыматы боюнча, токтомго ылайык, өкмөттүн мамлекеттин органдардагы штаттык бирдиктердин саны боюнча чечимдеринин долбоорун бир айдын ичинде кабыл алууга тийиш. "Азырынча, министрдин канча орун басары боло турганы белгисиз, министрликтин структурасы да бекий элек. Бизде бир айлык мөөнөтүбүз бар", - деп ведомстволор билдиришти.

Жетекчилерди аныктап алуу, маселенин жарым-жартылай эле чечилиши, министрликтер ич ара кандайча иштешишет? Маселен, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин алалы. Министр Алымкадыр Бейшеналиев минздравдын имаратынан иштей берет дейли, ал эми анын орун басары, буга чейин Эмгек министрлигин жетектеп келген Ализа Солтонбекова мурунку ордунан эле иштейби же кандай?

Бул суроолордун бардыгына өкмөт Конституцияга өзгөрүүлөр киргенге чейин жооп берүүгө тийиш. Андан тышкары өкмөт "жакырчылыктын тузагынан суурулуп чыгуу" боюнча да программасын аткарышы керек да.

Франкенштейн министрлиги

17 статс-катчыны кыскартуу өкмөттүн реструктуризация контекстинде анчалык деле мааниге ээ болбой калчудай. 2020-жыл башындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18,7 миң чиновник иштейт. Азырынча, жүздөн бир бөлүгүнүн кыскара турганы белгилүү болду.

Биздин эсебибиз боюнча, азыркы Экономика жана финансы министрлигинде эле 6 миңден ашык чиновник иштейт. Башкача айтканда, өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин үчтөн бир бөлүгү.

Министр, ошол эле учурда вице-премьер Улукбек Кармышаков гигант институтту кантип иштетет, түшүнүксүз. Белгилей кетсек, министрликтер бириктирилгенге чейин деле бири да жолго салынып, кынтыксыз иши менен өзгөчөлөнүп, мактоого татыгыдай болгон эмес. Азыр эми мамлекеттик институттардын структурасы ого бетер чаташып калды. Бир документти башка ведомствого жеткирүү үчүн, же болбосо жалпы чогулуштарга катышуу үчүн шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна барууга аргасыз болушат.

Натыйжасы эмне болду

Мунун бардыгынан бир гана корутунду чыгарса болот: өкмөттүн структурасын кайрадан бычуу бюджеттин жүгүн укмуш азайтып жибербейт деле окшойт. А бирок, министрликтердин реструктуризациясына жана жумушчу процесстерди оптималдаштырууга очойгон каражат жана толтура убакыт керектелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/698