Психолог ачууңду баладан чыгарбоонун жолун айтып берди
RU

Психолог ачууңду баладан чыгарбоонун жолун айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ата-энелер үчүн китептердин автору, психолог Элина Паредес ачууңду баладан чыгарбоонун эффективдүү жолдорун атады.

Психологдун айтымында, кечке балдары менен отура бергендер, балдарына кыйкырмак турсун, катуу сабай турган абалга келип калышат. Адис нерв боло баштаганда алгач өзүңдү түшүнүп, себебин табуу керектигин айтат.

Ошондой эле, спорт жана табигатка чыгуу терс эмоциялар менен күрөшүүгө жардам берет.

"Мындай жолго барууга, убагында сыртка чыкпай топтолуп калган эмоциялар себеп болот. Ар бир эмоция чыгуу жолун издейт. Эгер алар топтолуп калса, чыгарыш керек",-дейт психолог.

"Жашооңузда сизге жакпаган нерсени өзгөртүңүз: мамилелерди, жумушту ж.б.у.с. Ошондой эле алыңыз жеткен иш жасап стресстен арылсаңыз болот: тамак жасоо, таттууларды бышыруу, бир нерсени тазалоо дегендей."

Паредес, адам өзүнүн агрессивдүү жүрүм-турумунун себебин түшүнүү менен гана ички чыңалууну басаңдата аларын кошумчалады. Ошондо балдардын жүрүм-турумундагы оор учурларды көтөрүү жеңил болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/7177