Азыр Текебаевди 2010-жылдын Конституциясы үчүн айыптап жатышат, биз да ошентип калбайбызбы
RU

Азыр Текебаевди 2010-жылдын Конституциясы үчүн айыптап жатышат, биз да ошентип калбайбызбы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Бейшеналы Нурдинов Конституциянын долбоорун кабыл алууда, кесиптештерин шашпай чечим кабыл алып, зарылчылык болсо жергиликтүү кеңешти жылдырууга чакырды. Ал мындай сунушун кечээ, 17-февралда, парламенттин жыйыны учурунда билдирди.

Депутат, парламент ар дайым бийликтин сөзүнө көнүп, олуттуу документтерди тездетилген режимде кабыл алып келет. Келечекте бул үчүн алар жоопко тартылып калышы мүмкүн экенин эскертти.

"Азыр жашоо өзгөрдү. Буга чейин президентти же премьер-министрди отургузуп коет деген нерсе ойго да келчү эмес. Кийин күчтүү бийлик келип, Конституциянын долбоорун регламентке ылайык карабагандыгыбыз үчүн депутаттарды отургузуп жүрбөсүн. Ошондуктан бардык мыйзамдар учурдагы Конституцияга ылайык кабыл алынышы керек. Эгер биринчи кароого эки ай бөлүнсө, демек эки ай карашыбыз керек. Эгер экинчи кароого эки ай бөлүнсө, демек аны да тиешелүу убакытта карап чыгышыбыз керек. Бардыгы нормага ылайык жүрүүгө тийиш. Биз депутаттар, буга чейин көп нерсеге макул болуп келдик, а бирок кийин бизден сурак алынат да.

Азыр Текебаевди 2010-жылдын конституциясы үчүн айыптап жатышат, кийин бизди да ошентип күнөөлөшөт.

11-апрелге жетишип калалы, деп эле шаша берген болбойт. Эгер жергиликтүү кеңешти референдум менен бир өткөрүү мүмкүн болбой турса, демек, аны жылдырыш керек", - деди Нурдинов.

Эске салсак, парламент президенттик бийликти күчтөндүрүүчү Конституциянын долбоорун карап жатат. Аны 11-апрелде, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир өтө турган референдумга чыгарышат, деп күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/720