Жапаров Казакпаев менен Асанбаев боюнча: Өлтүрдү дегидей таанымал чоң фигуралар болсочу
RU

Жапаров Казакпаев менен Асанбаев боюнча: Өлтүрдү дегидей таанымал чоң фигуралар болсочу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде абакта көз жумган саясат таануучу Марат Казакпаев менен банкир Бакыт Асанбаевдин өлүмү тууралуу пикирин айтты.

Ал күмөн санабай эле коюңуздар деп коомчулуктан жашыра турган эч нерсеси жок экенин айткан.

"Комиссияга маркум болуп кеткендердин жакын туугандарын, Омбудсменди, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Бул – кырсык. СИЗОнун жетекчисин электр шнур бергени үчүн күнөөлөсөк болот.

Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Ансыз жашоо өтө кыйын.

Тефаль, тамак жасаган плитка, телевизор жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуш мүмкүн эмес. Камакта олтурган адамдар өздөрү эле кыйналышат. Мисалы, телефон колдонгонго дагы болбойт. Бирок телефонду дагы нандын ортосуна, тамак-аштын арасына катып кире беришет. Тинтүү иштери жүрүп, алар алынып турат. Кайра эле киргизе беришет. Жашоо ошентип айланып турат. Ал эми "УКМК өлтүрүп койду" деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. "УКМК өлтүрүп койду" дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу", - деген пикирин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/7256