Викрам Рузахуновду Казакстанда кыйноого алгандар дале аныктала элек
RU

Викрам Рузахуновду Казакстанда кыйноого алгандар дале аныктала элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда жыл башында орун алган баш аламандыкта укук коргоочулар тарабынан кармалып, кыйноолорго кабылган музыкант Викрам Рузахуновдун иши боюнча Ленин РИИБи тергөөнү аяктады. Топтолгон материалдар эми Казакстанга өткөрүлөрүн музыкант өзү айтып чыкты.

Айтымында, кылмыш иши боюнча материалдар менен өзү жана жактоочусу таанышып чыккан.

"Менин ден соолугума оор залал келтирилгенин адистер экспертизанын жыйынтыгына таянып аныкташты. Эми күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартуу үчүн топтолгон материалдар Башкы прокуратура аркылуу Казакстандын компетенттүү органдарына жөнөтүлөт", - дейт ал.

Ал эми музыканттын жактоочусу Бакыт Автандил уулу Kaktus.media`га казак тарап күнөөлүүлөдү таба электигин билдирди.

Белгилей кетсек, Викрам Рузахунов январь айында Казакстанда орун алган баш аламандык учурунда кармалган. Коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экенин, ал концертке барганын кесиптештери жазышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана ИИМдин жардамы менен музыкант 10-январда өлкөгө алып келинген. Кийин ал окуянын чоо-жайын айтып жатып кыйноолорго кабылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/7493