Ысык-Көлгө казак, өзбек, тажик, түркмөн лидерлери келишти. Тосуп алуудагы сүрөттөр
RU

Ысык-Көлгө казак, өзбек, тажик, түркмөн лидерлери келишти. Тосуп алуудагы сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтүүдө. 20-21-июль күндөргө белгиленген иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери келди. Коңшу өлкөнүн мамлекет башчыларын тосуп алуудагы учурдан чырк этме.

20-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ысык-Көл аэропортуна конду. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Анын артынан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин учагы аталган аэропортко конду.

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көлгө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны да Акылбек Жапаров салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Андан кийин Түркмөнстандын жакында эле шайланган президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көлгө келди.

Белгилей кетсек, 20-июлда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кеме менен сейилдешти. Андан соң коңшу өлкөнүн лидерлери этномаданий туризм менен таанышып, атайын даярдалган театрлаштырылган оюн көрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/7597