"Биз башка өлкөгө кошулушубуз керек деп жатышат". Карыпбеков президентке кайрылды (видео)
RU

"Биз башка өлкөгө кошулушубуз керек деп жатышат". Карыпбеков президентке кайрылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук активист Илим Карыпбеков президентке кайрылып, айрым адамдарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты.

Анын айтымында жөнөкөй адамдан белгилүү саясатчыларга чейин интервьюларында же башка саясат талаасында Кыргызстан башка мамлекетке кошулушу керек деген оюн ачык-айкын айтып, аны башкалар ээрчип жатышат.

"Кош жарандуулугу бар же жөн эле Кыргызстандын жаранымын деп жүргөндөр ар кайсы коомдук жерлерде биз болбой калдык, башка жактын өлкө башчылары карамдуу ошолорго кошулуш керек деген оюн жарыя кылып жүрөт. Аларга чара көрүү керек. Болбосо мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө коркунуч алып келет. Ата-бабаларыбыздын эгемендүүлүк үчүн кан төккөнү текке кетет",- деп айткан ал өз сөзүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/7698