Актриса Айгерим Саматованын үлпөт тою Токтогулда өттү. Сүрөт
2882
Актриса Айгерим Саматова менен ырчы Мадияр Руслановдун үлпөт тою 5-августта Токтогул шаарында өттү.
Ак той сейилдөө менен башталып, кечинде тойканада уланды. Ага эки жаштын жакындары, саналаштары, кесиптештери катышты.
Эскерте кетсек, 19-июлда "Кыска тамаша" долбоорунун резиденти, актриса Айгерим Саматованын сүйүктүүсү колун сураган. 3-августта борбордогу тойканалардын биринде Айгеримдин кыз узатуу тою өткөн.
Айгерим Саматова "Кайнене", "Кайнене 2" тасмаларында роль жаратып, бир катар клиптерге да тартылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/7792