Путин жана Кыргызстандын алты президенти
RU

Путин жана Кыргызстандын алты президенти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-февралда, Россия Федерациясына иш сапары менен барып президент Владимир Путин менен жолугушту. Белгилүү болгондой эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулап, Кыргызстан менен Россиянын кызыкчылыктарын көздөгөн бардык маселелерди сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, Владимир Путин үчүн президенттин рангында туруп, Кыргызстандын алтынчы президенти менен жолугушуусу.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу. 2000-жыл.

Курманбек Бакиев, расмий түрдө президент болуп дайындалгандан кийин алгачкы чет өлкөлүк иш сапары. 2005-жыл, сентябрь.

Роза Отунбаева 2010-жылдын 25-ноябрында РФке барган. Белгилей кетчү жагдай, Путин президент Отунбаева менен премьер-министр статусунда жолуккан.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында президенттик кызматына киришкен. Ал эми Владимир Путин менен 19-декабрда, Евразиялык экономикалык кызматташтык саммитинин алкагында жолугушкан.

Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти катары алгачкы иш сапары да 2017-жылдын 29-ноябрында, Россия Федерациясына болгон.

Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтүп, алгачкы иш сапары менен 24-февралда Москвага жөнөп кеткен. Ошол эле күнү Кремлден аны Владимир Путин кабыл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/789