Баткендеги ок атышуу. Миномёттун жарылышынан 2 чек арачы жаракат алды
RU

Баткендеги ок атышуу. Миномёттун жарылышынан 2 чек арачы жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги ок атышуунун кесепетинен 2 чек арачы жаракат алды. Маалыматты Чек ара кызматынан кабарлашып, жабыралнуучулардын абалын билдирди.

"Булак-Башы жергесинде орун алган куралдуу чыр-чатактын кесепетинен Чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алды. Миномёттун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган, тагыраагы, миномёттун снарядынын сыныктары денесин чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды. Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Булак-Башы участкасында кызмат өтөп жаткан Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта жүргөн тажик чек арачыларын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Кыргыз тараптын талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары кыргыз тарап да курал колдонушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8368