Тажиктердин аткылоосунан жаракат алгандар бар экени айтылды
RU

Тажиктердин аткылоосунан жаракат алгандар бар экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-сентябрда Тажикстан тарап Баткен облусунун бир нече айылдарына кол салып, ок чыгарууну баштады. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн алдын ала маалыматына ылайык, ок атышуудан 4 аскер жаракат алды.

Маалым болгондой, ок атышуу саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасынан башталып, башка айылдарда да орун алды.

"Алдын ала маалымат боюнча 4 аскер кызматкери жарадар болгон. Баткен районунун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада. Ал эми жалпы кырдаалды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда", - дешти өкүлчүлүктөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8400