Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан ИИМдин кызматкерлери
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан ИИМдин кызматкерлери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын чек ара аймагында куралдуу кол салуусунан Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүнүн 4 аскер кызматкери каза тапты.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шейит кеткен кызматкерлер - улук сержант Каныбек уулу Дурус, кенже сержант Манас Баатырбеков , улук сержант Ачылбек Ташбеков жана катардагы жоокер Айбек Абдилабеков болгон.

Андан тышкары ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажанов кызмат ѳтѳѳ учурунда баатырларча курман болду. Ал 2019-жылдан тартып кызмат ѳтѳп келген.

Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Kaktus.kg сайты курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8492