Сасык тумоо башталары менен дароо дары ичкенге болобу
RU

Сасык тумоо башталары менен дароо дары ичкенге болобу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ауруксуз аба ырайына байланыштуу сасык тумоо менен ооругадардын саны көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда дароо дары ичкенге болбойт. Бул тууралуу дарыгерлер кабарлайт.

Алардын айтымында, өз алдынча дарыланууга болбойт. Сасык тумоо башталары менен дароо антибиотик колдонуу туура эмес. Сасык тумоого арналган вируска каршы дары-дармектер жардам бербей, оору өтүшүп кеткен учурда дарыгердин сунушу менен гана колдонууга болот. Эгер антибиотикти оору дароо башталганда колдонсо, ал организмдин өз алдынча вирус менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратып, иммунитетти төмөндөтүп, терс таасирин берет деп белгилешет.

Сасык тумоону алдын алыш үчүн эң биринчиден, адам өздүк гигиенасын жакшы сактап, эшиктен киргенде сөзсүз түрдө колду эки жолу самындап жуушу зарыл. Үйдүн ичин бат-бат желдетип, нымдуу тазалык жүргүзүүсү керек. Имунитетти түшүрбөй турган тамак-ашты көп колдонуп жана спорт менен машыгуу сасык тумоого кабылбоого чоң жардам берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/8814