Мурда камалып, акталган. Бразилиядагы президенттик шайлоодо Лула да Силва жеңишке жетти
RU

Мурда камалып, акталган. Бразилиядагы президенттик шайлоодо Лула да Силва жеңишке жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бразилиянын мурдагы президенти Луис Инасиу Лула да Силва президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетти. Добуштар 100 пайыз саналганын аталган өлкөнүн Жогорку шайлоо сотуна шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазышат.

Андагы маалыматта шайлоонун экинчи айлампасы 30-октябрда өткөнү, добуш берүүнүн жыйынытыгы менен Луис Инасиу Лула да Силва 50,84%, ал эми учурдагы президент Жаир Болсонару 49,16% пайыз добуш алганы айтылат.

Белгилесек, шайлоонун биринчи туру 2-октябрда өтүп, анда талапкерлердин бири да 50%дан ашык добуш ала алышкан эмес.

67 жаштагы Жаир Болсонару шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууга даярданып жатканы айтылууда.

Шайлоодо эң көп добуш алган Луис Инасиу Лула да Силва 77 жашта. 2003-2010-жылдар аралыгында (2006-жылы кайра шайланган) ага Бразилиянын лидери болуу буйруган.

2017-жылы ал коррупцияга айыпталып, 9 жарым жылга эркинен ажыратылып, бардык каражаттары алынган. Кийинчерээк бул мөөнөт 12 жыл 1 айга чейин көбөйтүлүп, саясатчы 2018-жылы апелляциялык соттун чечими чыкканга чейин эркиндикте жүрүү укугуна ээ болгон. Бирок сот процесстер бир катар эрежелерди бузуу менен өттү деп чечкендиктен, Силва бир жарым жыл түрмөдө отурган. Ал 2019-жылдын ноябрь айында бошотулган. 2021-жылдын мартында Бразилиянын Федералдык Жогорку Соту ага коюлган бардык айыптарды алып салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9078