Журналист Санрабия Сатыбалдиева акча талап кылууга шектелип кармалды (сүрөт, видео)
RU

Журналист Санрабия Сатыбалдиева акча талап кылууга шектелип кармалды (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 4-ноябрда журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал опузалап акча талап кылууга шектелип жатканын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардагы аудиону жарыялоо менен шантаж кылып, системалуу түрдө акча талап кылган адамдар 2000 доллар алган учурда кармалды. Бул иштин башкы аткаруучусу катары Жогорку Кеңештин депутатынын пиар-менеджери болгон С.С.К. шектелүүдө. Андан тышкар оператор Б.К. менен таксист М.М.Х. да аталган кылмышка шериктеш болгон.

"Учурда 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кармалгандар кылгандарын моюнга алышты", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9155