Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Кудайбергеновдун укуктары токтотулду
RU

Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Кудайбергеновдун укуктары токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду. Бул туурасында бүгүн, 9-ноябрда президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду. Ал жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып бошотулду деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алмазбек Кудайбергенов 1957-жылы туулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9206