Парижде өтүүчү жайкы Олимп оюндарынын талисманы көрсөтүлдү
RU

Парижде өтүүчү жайкы Олимп оюндарынын талисманы көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы жарыяланды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары мелдештин расмий талисманы катары байыркы фригиялыктар жана якобиндик революционерлер кийген фригия калпактарын тандашкан.

Олимпиаданын негизги талисманы катары тандалган калпактар ак спорттук бут кийимчен, ал эми Паралимпиада оюндарыныкы бир буту протез экендиги көрсөтүлгөн. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, кызыл фригия калпагы Франциянын эркиндигин чагылдырат.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9318