Президент менен Ереванга кеткен делегациянын курамы
RU

Президент менен Ереванга кеткен делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда президенттин администрациясынан маалымдашат.

Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
  • коргоо министри Бактыбек Бекболотов;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында Армениянын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылып, Беларусь Республикасынын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтар баяндалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9375