Электр энергиясын үнөмдөбөсө авариялык өчүүлөр болушу мүмкүн
RU

Электр энергиясын үнөмдөбөсө авариялык өчүүлөр болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук энергохолдинг ишканасы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат. Аталган ишканадан абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясынын авариялык өчүп калуу коркунучу күчөп жатканын кабарлайт.

"Ошондуктан Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү эртең менен жана кечинде электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана 5 кВт-с кубаттуулук чегинен ашырбоого өтүнөт", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, ноябрь айында электр жарыгы маал-маалы менен бир нече күн өчүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9473