9-10-декабрда Бишкекке чет өлкөнүн лидерлери келет
RU

9-10-декабрда Бишкекке чет өлкөнүн лидерлери келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 9-декабрда Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат.

Ошондой эле биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда", - деди Азымбакиев.

10-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болот.

Сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9510