Алмазбек Атамбаев кандай негизде чет өлкөгө чыкканын соттон түшүндүрүштү
RU

Алмазбек Атамбаев кандай негизде чет өлкөгө чыкканын соттон түшүндүрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кандай негизде чет өлкөгө чыгып кеткенин Биринчи Май райондук сотунан түшүндүрүштү.

Маалыматта айтылгандай, райондук соттун өндүрүшүндө Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши каралып жаткан.

"Биринчи кылмыш иши - 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча, экинчиси - 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иш. Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Азыркы учурда бул кылмыш иши жабырлануучулар менен күбөлөрдү суракка алуу стадиясында турат, бул иш боюнча сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү эрте.

Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес, анткени ал Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш жаңы кароого түштү", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

15-февралдын таңында Атамбаев уулу менен Дубайга учуп кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10364