Маданият министрлиги ЭлТРдин "ПолитКлиника" сайтын жабуу өтүнүчүн четке какты
RU

Маданият министрлиги ЭлТРдин "ПолитКлиника" сайтын жабуу өтүнүчүн четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "ПолитКлиника" сайтын жаппайт. Бул тууралуу сайттын жетекчиси Дилбар Алимова билдирди.

Анын айтымында, министрлик ЭлТР телеканалынын "ПолитКлиника" сайтын жабуу өтүнүчү менен кайрылуусун четке каккан.

ЭлТР буга чейин Маданият министрлигине арыз менен кайрылган. Телеканал кайрылууга негиз болгон материалдагы маалымат ишенимдүү эмес булактардан алынган деп эсептеген. Өз кезегинде Маданият министрлиги баш тартуу менен жооп кайтарды.

"Программада ишенимдүү ачык булактардан факты менен алынган маалыматтар камтылганын эске алып, министрлик "Такталбаган (билип туруп жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде келип түшкөн арызды кабыл алуу мүмкүн эместигин билдирет", - деп айтылат министрликтин ЭлТРге берген жооп катында.

Маалыматтын туура же жалган экенин аныктоого Маданият министрлигинин укугу жок болгондугуна байланыштуу, арыз ээсине бул маселе боюнча сот органдарына кайрылуу сунушталды.

Буга чейин ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко кайрылып, 10 миллион сом доо койгон.

ЖМКларга болгон кысым (44 статьи)
Актилек Капаров тергөө абагында колун кескилеп жатканын айтты
30 Май 2024, 14:58
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10432