Курсан Асанов Кой-Таш окуясындагы аракеттери менен сыймыктанарын айтты
RU

Курсан Асанов Кой-Таш окуясындагы аракеттери менен сыймыктанарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча Биринчи Май райондукт сотунда процесс уланууда.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өтүп, негизги айыпталуучу Курсан Асанов акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал козголгон кылмыш иштеринин баары ага карата жасалып жаткан саясий куугунтук экенин билдирди.

Асанов Алмазбек Атамбаев атайын операция учурунда багынып бергенине өкүнбөй турганын кошумчалады. "Ал убакта сүйлөшүүдөн башка жол жок болчу. Ошондуктан мен жоопкерчиликти өз мойнума алып, өзүмдүн өмүрүмдү тобокелге салгам. 4 жылдан кийин ким-кимди сатып жибергени, ким кыйын учурда кызматтан кеткени ачыкка чыкты. Мен 2019-жылдын августунда жасаган аракеттеримди туура деп эсептейм, эч өкүнбөйм жана аракетим менен сыймыктанам", - деп жыйынтыктады Асанов.

Сотто "Чындык" гезитинин мурдагы редактору, учурда "Учкун" басмаканасынын директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков, ошондой эле Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов акыркы сөздөрүн айтышты. Алар соттон адилет өкүм чыгарууну суранышты.

Сот Адылбек Эсенбаев бардыгына өкүмдү 28-апрелде чыгарат.

Эске салсак, Курсан Асановго Кой-Таш окуясынан кийин кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, "кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатып, ишенимди жоготкон" деген негиз менен кызматынан бошотулган.

Ал отставкага кетүү боюнча комментарий берип жатып "өзүн өлкөнүн жана абийиринин алдында таза" деп эсептей турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11596