Милиция үгүтчүлөрдү добуш сатып алуу боюнча суракка алууда
RU

Милиция үгүтчүлөрдү добуш сатып алуу боюнча суракка алууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-майда ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Султан Макилов шайлоочуларды сатып алуу фактылары боюнча маалыматты милиция текшерип жатканын билдирди. Бул факты боюнча беш адам кармалып, алар сурак берүүдө.

"Кафеде үч аял болгон, ал жерден талапкерлердин биринин маалымат баракчалары табылган. Бардык китепчелер алынды. Жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер далилденсе, мыйзам чегинде жазаланат. Учурда үч аял, официант жана кафенин кожоюну суракка алынууда", - деди ИИМдин өкүлү.

Окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталды.

Ошондой эле ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык топко БШК мүчөлөрү жана үгүтчүлөр тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча бир нече даттануулар келип түшкөн.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин шайлоо округунда аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кезексиз шайлоо өтүп жатат. Аларга 29 талапкер катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/12575