Милиция чет элдик студенттер менен болгон жаңжал боюнча дагы эки шектүүнү кармады
RU

Милиция чет элдик студенттер менен болгон жаңжал боюнча дагы эки шектүүнү кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери Бишкектеги массалык баш аламандыкка катышкан делген адамдарды аныктоо жана кармоону улантууда. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган А.Т., жана 1999-жылы туулган Ж.А. кармалды. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинген адамдарды кармоо жана башка адамдарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

18-майдагы башаламандык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы "Массалык баш аламандык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

***

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан.

Төрт күндөн кийин, 17-майда Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде массалык баш аламандыктар башталды. Катышуучулардын так саны белгисиз, бирок 700дөн 1000ге чейин адам катышкан болушу мүмкүн экени айтылууда. Ошол эле маалда социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын бириндеги балдардын мушташып жаткан видеосу тараган.

Чогулгандар таңга маал тарашкан. Андан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев окуч боюнча билдирүү жасап, жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырды.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров да үн катты. Ал бул окуягы үчүнчу күчтөр аралашышы мүмкүндүгүн айтып, эми ушундай окуя дагы кайталана турган болсо күч түзүмдөрү биринчи секунддан тарта күч менен таратаарын эскертти. Ал чет элдиктерди сыйлоого чакырып, мамлекеттик жасап жаткан иштерин текке кетирбөөгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16205