Бишкекте автобекеттерди көчүрүп, ордун бузуу пландалган. Айдоочу, жүргүнчүлөр эмне дейт?
RU

Бишкекте автобекеттерди көчүрүп, ордун бузуу пландалган. Айдоочу, жүргүнчүлөр эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-майда Нурдан Орунтаев башында турган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Батыш автобекетин бузмак. Бирок, белгисиз мебептер менен демонтаждоо иштерин белгисиз мөөнөткө токтоткон. Буга ылайык, Kaktus.kg редакциясы Батыш автобекетинин айдоочуларынын жана жүргүнчүлөрүнүн оюн укту.

"Автобекеттер көчүрүлсө накта тыгын башталат"

Аймактарга маршруттук таксилерди айдаган айдоочулардын дээрлик бардыгы Батыш автобекетин бузууга каршы. Алар Бишкектеги автобекеттер көчүрүлгөндөн кийин накта унаалардын тыгыны башталат деп эсептешет. Айдоочулар, шаар четинде шарт жок деген жүйөөлөрдү келтиришти.

"Мунун баарын жок кылгысы келгени туура эмес. Чындыгында туура эмес. Бул жерде ыңгайсыздык жаралат. Мисалы: Көлдөн, тоодон келгендер болот. Эгер биз адамдарды ошол жерде калтырсак, анда чыныгы тыгын ошол жерден башталат. Канча унаа келет... Студенттер канча. Ар ким баштык, картошка, алма алып келет... Алар ошол жерде калышабы анан?", - дейт айдоочу.

"Тескерисинче автобекеттер борбордо болушу керек"

Дагы бир айдоочу автобекеттерди шаардык четине көчүрүү - акылга сыйбаган нерсе деп эсептейт. Себеби, башка өлкөлөр шаар четтеринен тескерисинче борборго автобекеттерди жылдырууга аракет кылып жатышат. Айдоочулар өздөрүнө көп деле кыйынчылык жаралбай турганын бирок, жүргүнчүлөр финансылык да, физикалык жактан да кыйынчылыкка дуушар болуп калат деп ойлошот.

"Мисалы, бир маршруттук таксиде 18 адам болсо, элди таштап кетсек, аларды 10 таксист бөлүп, шаарга кетишет. Ошондо накта тыгын көбөйөт. Биз буга макул эмеспиз. Макул, бизге баары бир. Биз келип, машина менен кете беребиз. Биз, тескерисинче, үйлөрүбүзгө шаар четинен бат кетебиз. Бирок, бул жүргүнчүлөр үчүн болот. Алар кантип жетишет, такси кызматы кымбат?", - дешет алат.

"Кең болсо макулбуз"

Биздин сурамжылоодо жүргүнчүлөрдүн ойлору эки ача болуп чыкты. Бири каршы, элге оорчулук десе, экинчилери азыркы Батыш автобекети тар экенин айтып, шаар четинде кең автобекет болсо макулбуз, бул жерге унаалар батпай жатат дешет.

"Ооба, эгер автобекет ушул жерде турса, аны ушул жерге таштап коюу ыңгайлуу. Бирок шарт болсо мага айырмасы жок. Көчүргөнү бир чети деле туура. Шаар ичинде тыгын азайып калат", - дейт жүргүнчү.

"Айланма жолго кенен автовокзал курушса каршы эмесмин. Анткени ал адамдар үчүн кенен болушу керек. Бул жерге киши батпай, тар болуп жатат. Унаалар батпай калды. Мен муну шаар аралык бекет кылса каршы болмок эмесмин. Ал эми шаардын четине аймактар аралык кылуу - туура чечим деп эсептейм", - дейт экинчи жүргүнчү.

Эске салсак, 13-январда мэрия жаңы автобекет иштеп баштаганын айткан. Алынган маалыматка караганда, учурда "Бишкек – Түп", "Бишкек – Жети-Өгүз" каттамдары боюнча автобустар, кичи автобустар жүргүзүлө баштады.

Ошондой эле "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" ишканасы борбордогу №211, №123, №104 и №285 маршруттук каттамдардын жүрүү тилкеси жаңы автобекетке чейин узартылганын маалымдаган болчу.

Алматы көчөсү менен айлампа жолдун кесилишине түшкөн бул автобекет учурдагы Чыгыш автобекетин сыртка көчүрүү максатында курула баштаган. Ал эми, Бишкектеги "Ош" базары, Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын сыртына чыгарылары буга чейин кабарланган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16247