Ататүрктөгү объектилерди бузуу. Депутат жергиликтүү тургундардын бири каза болгонун айтты
RU

Ататүрктөгү объектилерди бузуу. Депутат жергиликтүү тургундардын бири каза болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ататүрк сейил багынын аймагында жашаган бир адам каза болду. Бул тууралуу 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясы жарандарга кысым көрсөтүүнү улантууда.

"Буга чейин бир адам каза болгон. Анын кан басым көтөрүлүп кетти. Канчага чейин бул ойду уланта бериш керек?! Көбөйтүү менен алектениш керек да. Биз алып, кайра бөлүштүрүп жатабыз. Парктын чектерин аныктоо керек болчу, бирок бирөөнүн мүлкүн алып, талкалап салууну акыр аягы токтотуш керек го! Чоң өтүнүч, Алмас Ахунжанович, бул маселени президенттик администрацияда карап көргүлөчү. Мен өзүм паркты коргоого даярмын, бирок мурдагы мэрлер, президенттер, депутаттар, прокурорлор, соттор уруксат берип, азыр жокко чыгарууну, сындырууну чечишти. Сындыруу - бул куруу эмес! Адамгерчиликти бир аз да болсо ойготкулачы, сураныч", - деп депутат Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16253