Башпрокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти
RU

Башпрокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти. Бул туурасында Kaktus.media сайтына өздүк булактар ырасташты.

Азырынча анын кызматтан кетүү себеби белгисиз.

Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган.

2024-жылдын 24-апрелинде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөндүгү үчүн сөгүш жарыялаган.

Ушул жылдын апрель айында Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16280