Мадумаров Зулушев боюнча: Бейкүнөө адамдардын каргышынан кетти деп кабыл алам
RU

Мадумаров Зулушев боюнча: Бейкүнөө адамдардын каргышынан кетти деп кабыл алам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Адахан Мадумаров 3-июнда Бишкек шаардык сотунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасы тууралуу журналисттерге комментарий берип "ал бийликке жакпай калгандыгы үчүн эмес, күнөөсүз адамдарды айыптаганы үчүн каргышка калды" деп кабыл алаарын айтты.

Мадумаров саясий буюрутмалар өтө көп болуп кеткенин кошумчалап "дагы көптөгөн кызмат адамдар ордун бошотуп, териштирүүлөр башталат" деп кошумчалады.

"Менимче ушул эки жарым жылга жакын мезгилдин ичинде аталасын чыгарып бүттү да. Бардык иштер боюнча аталасын чыгарып бүттү. Бир кишиге бир эмес, жети кылмыш иши козголгон. Бирөө да аныкталган жок. Сотко чейин келген иштердин көпчүлүгү тастыкталбай келип отурат, далилденбей келип отурат. Саясий буйруктар аябай көбөйүп кетти, өтө эле көп болуп кеткен да.

Менимче (Курманкул Зулушев) бийликке жакпай калгандан эмес, айыпсыз айыпталып жаткан шордуулардын каргышы катары эле кабыл алып коюш керек. Бул кетүүлөрдүн башталышы. Дагы кете турган инсандар көп, өтө көп.

Себеби, мыйзамсыз иштер Кыргызстанда өтө кайнап кетти. Бул башы. Эми тергөө башталышы мүмкүн, иликтөө башталышы мүмкүн. Ар кандай деп бааласа боло берет", - деди ал.

Эске салсак, 3-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулганы айтылды. Анын ордуна үч талапкер каралып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16284