2010-жылдагы Ош окуясынан кийин теракт уюштурууга аракет кылган деген жаран кармалды
RU

2010-жылдагы Ош окуясынан кийин теракт уюштурууга аракет кылган деген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан "террористтик жана сепаратисттик багыттагы" кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Билдирүүгө караганда, 1984-жылы туулган А.И.И. жана анын шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, ал үчүн Ош облусунун тургундарынын арасынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышкан.

"2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин А.И.И`нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган. Ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен кармалган жаран качып кетүүгө үлгүргөн.

Кийинчерээк эки адам Сирияга эл аралык террористтик уюм тарабынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткенге үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

УКМК террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16290