Депутаттар студенттерге жеңилдетилген насыяларды берүүнү сунуштап жатышат
RU

Депутаттар студенттерге жеңилдетилген насыяларды берүүнү сунуштап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары студенттерге жеңилдетилген насыя берүүнү сунуштап жатышат. Мындай мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

"Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү депутаттар Аида Исатбек кызы, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев демилгелешүүдө.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Жогорку окуу жайларда окуу кымбат болгондуктан көптөр үчүн окуунун бюджеттик формасына өтүү билим алууга аракет кылышаары айтылып, бирок ага орундар чектелүү экени жазылган.

Мындан улам студенттерге жеңилдетилген кредит берүү нормасы киргизилүүдө. Каражат насыя алуучунун окуусуна, жашоосуна, тамак-ашына, адабияттарды сатып алуусуна керектелери белгиленген. Өзгөчөлүгү - насыянын негизги суммасы окууну бүткөндөн кийин төлөнүшү зарыл.

Депутаттар бул кредиттин шартын, өлчөмү жана тартибин министрлер кабинети аныктайт деп мыйзам долбоорунда белгилешкен.

Эл өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоору төмөнкүдөй өзгөрүүлөргө алып келери жазылган:

  • мамлекет жарандардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана жакшыртат;
  • билим берүү кредитинин негизги суммасын төлөөнү кийинкиге калтыруу жарандар үчүн финансылык стрессти жана карыздык оорчулукту жеңилдетет;
  • мектеп бүтүрүүчүлөрүн жеткиликтүү жогорку билим менен камсыздоого, ишке жөндөмдүү жана потенциалдуу таланттуу жумушчу күчүн сактап калууга жана тышкы миграциянын темпин кыскартууга мүмкүндүк берет.
  • өз жарандарынын жогорку билим алуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү менен мамлекет өлкөдөгү адамдык потенциалды бекемдейт.

Жеңилдетилген насыя алуучулар жогорку же орто билимден кийинки билим ала алышат жана алардын карыз боюнча жүгү жеңилдейт:

  • калктын аялуу катмары күнүмдүк керектөөлөрдү канааттандыруудан баш тартпастан жогорку билим ала алышат;
  • студенттерди кабыл алууда жогорку билим берүүнүн мааниси жогорулайт, бул аларга сапаттуу билим алууга жана билим берүү процессине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого түрткү берет;
  • кредит алуучулар үчүн жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим алууга жеңилдетилген кредиттерди берүү узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат, бул келечекте алардын жашоо шартын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16291