15-мартты Аталар күнү деп белгилөө сунушталууда. Бул майрам керекпи?
RU

15-мартты Аталар күнү деп белгилөө сунушталууда. Бул майрам керекпи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин комитети 10-июнда 15-мартты Аталар күнү деп белгилөө долбоорун биринчи окууда жактырды. Мындан улам редакция Бишкектин жашоочуларынын бул мыйзам тууралуу оюн билип көрдү.

Сурамжылоого катышкандардын дээрлик көпчүлүгү аталар күнүн белгилөөгө макул. Бирок айрымдары 5-март - Ак калпак күнүндө эле белгилөө керек дешсе, кээ бирлери кыргыздарда ансыз деле көп майрам бар дешип, дагы бир майрамдын кереги жоктугун айтышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-мартты - Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Элмурза Сатыбалдиев жана Айбек Маткеримов жазган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганы жазылган.

Документ кабыл алынса Аталар күнүндө дем алыш болбойт.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16358