Парламент Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагалыгына дайындоого макулдук берди
RU

Парламент Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-июнда Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлады.

Аталган маселе боюнча пезиденттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Депутат Гуля Кожокулова Мелис Тургунбаевден кызматка киришүү менен Улуттук банкта кандай өзгөрүүлөр болорун сурады. Ошону менен катар депутат Улуттук банк өз ыйгарым укуктарын толук колдонуп, банктын деңгээлин көтөрүүгө чакырды. Депутат Динара Ашимова банктарга ислам принциптери менен каржылоо системасына өтүү сунушун берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевди Улуттук банкынын төрагасы кызмат ордуна шайлады.

Белгилесек, президенттин жарлыгы менен Мелис Тургунбаев Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган. Ал 2023-жылы март айында министр кызматына дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16464