Селден улам Абшыр-Атада, Кызарт жайлоосунда калып калгандар куткарылууда. Сүрөт
RU

Селден улам Абшыр-Атада, Кызарт жайлоосунда калып калгандар куткарылууда. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу Абшыр-Ата эс алуучу жайында жана Кезарт жайлоосунда селден улам жолдон өтө албай калып калган жарандар аман-эсен. Учурда аларды коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министриги билдирди.

Бүгүн, 29-июнда саат 11:50гө карата куткаруучулар эс алуучу жайдын жогору тарабында суудан өтө албай калган 180 адамды тактайдан жасалган көпүрө аркылуу коопсуз жайга алып өтүштү.

Белгилесек, 28-июнда нөшөрлүү жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде Ноокатта катуу сел жүрүп кыйроолорго, жоготууларга алып келди.

Селдин кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолду сел алып кетип, суунун аркы бетинде кеминде 1300 адам өтө албай калганы кабарлаган.

Бүгүн, 29-июнда куткаруу иштери үчүн үчүн Бишкектен тик учак жөнөп кетти. Ошондой эле Ветеринардык кызмат тарабынан Ноокаттагы өлгөн малды зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16485