Министрлик бир катар аймактарда сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар экенини эскертти
RU

Министрлик бир катар аймактарда сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар экенини эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-июндан 2-июлга чейин өлкөдө аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдордо таш кулоо мүмкүндүгүн эскертет.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолуна ылайык, сел жүрүү жана таш кулоо төмөнкү тилкелерде активдешүүсү мүмкүн:

  • Бишкек – Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
  • Боом капчыгайындагы Бишкек – Балыкчы жолунун 112-128-чакырымында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында;
  • Талды-Суу – Аралдын 4-5-чакырымында;
  • Мырзаке – Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында;
  • Ош – Исфана жолунун 64- 78, 125-138, 149-190-чакырымындарында.

ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16484