Бишкектеги паркта бычактан жаракат алган 34 жаштагы жарандын сөөгү табылды
RU

Бишкектеги паркта бычактан жаракат алган 34 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Абдрахманов/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кыргызстан жана Түштүк Корея элдеринин достугу паркында белгисиз адамдар урушуп, бирөө каза болду. Какtus.media редакциясына укук коргоо органдарындагы булактар окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Айтымдарында, 28-июнда таңкы саат 05:00 чамасында ок атуу болгон.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бычактан көп жаракат алган 1990-жылы туулган адамдын жансыз денесин табышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Нарын облусунун тургуну кармалды. Ал буга чейин тоноо жана бейбаштык боюнча соттолгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалымат боюнча, маркум менен шектүүнүн ортосунда чыр чыгып, бири экинчисине ок чыгара баштаган, бирок ал жооп иретинде бир нече жолу бычак сайган. Натыйжада ок аткан адам ошол жерден каза болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн адам өлтүрүү Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16487