Жалал-Абадда 4 жашар кыз көп кабаттуу үйдүн алдында зордукталган. Шектүү камакка алынды
RU

Жалал-Абадда 4 жашар кыз көп кабаттуу үйдүн алдында зордукталган. Шектүү камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 4 жашар кыз зордукталып, шектүү катары 35 жаштагы киши кармалды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 24-июнда саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн алдында 4 жаштагы кызды бейтааныш киши зордуктап койгондугун кабарлаган.

Окуя боюнча топтолгон материалдар 154-берене ("Зордуктоо") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2019-жылы туулган М.Б`га соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Х. кармалып, тергөө кызматы тарабынан соттук-биологиялык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16510